4-декабрь «Манас» эпосу күнү
4-декабрь күнү биздин мектепте “Манас” эпосуна арналган ачык сабак өттү
4-декабрь 2025-жылы биздин мектепте кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон “Манас” эпосуна арналган ачык сабак өткөрүлдү. Аталган сабакты Солтогулова Ж.Т. 6«Г» классы менен биргеликте өттү.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар “Манас” эпосунун мазмуну, каармандары жана тарыхый мааниси боюнча терең маалымат алышты. Ошондой эле белгилүү манасчылар Саякбай Каралаев жана Сагымбай Орозбак уулу* тууралуу айтып өтүштү.
Окуучулар активдүү катышып, көркөм окуу жана суроо-жооп аркылуу өз ойлорун эркин билдиришти. Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырды.


Комментарии