Мектебибизде жаңыдан келген 5-класстын окуучуларынын арасында «Салам, бул мен!» сынагы өткөрүлдү. Сынактын жүрүшүндө окуучулар өздөрүн тааныштырып, таланттарын, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чара окуучулардын өзүнө болгон ишенимин арттырып, бири-бири менен жакындан таанышууга жана достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түздү .
Ата-энелер декадасынын алкагында 7–8-класстардын ата-энелери балдары менен биргеликте кызыктуу мастер-класстарды көрсөтүштү. Катышуучулар бош убакыттарын кандай пайдалуу жана чыгармачыл өткөрүшөрүн тартуулашты. Мындай иш-чаралар ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдеп, өз ара түшүнүшүүгө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Ата-энелер декадасынын алкагында 7-«А» классынын класс жетекчиси Асыранкулова Л. С. «Балдардын үй-бүлөдөгү тарбиясы» аттуу тренинг өткөрдү. Тренингдин максаты — үй-бүлөлүк тарбиянын маанисин түшүндүрүү, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени чыңдоо жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө.