Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1957-жылдын июнь айынын аягында Кыргызстандын агартуу министрлиги Кара-Балта шаарында (ошол кездеги Кош-Тегермен айылы) орус жана кыргыз тилдеринде окутуучу 300 орундуу мектеп-интернат ачуу женунде чечим кабыл алган. Директор болуп тажрыйбалуу мугалим, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Владимир Петрович Тимошевский дайындалды. 1962-жылга чейин 5 жыл мектеп-интернаттын директору болуп иштеген.

Интернат ачуу зарылдыгы бир нече жагдайлар менен байланышкан. Биринчиден, Улуу Ата Мекендик согушта көптөгөн үй-бүлөлөр ата-энесинен ажырап калышты. Экинчиден, Кенес-Анархайдын, Суусамырдын алыскы жайлоолорунда үй-бүлөсү жашаган балдарды, ошондой эле Казакстандын  Балхаш талааларында тоо-кен комбинаты учун уран кендерин иштеткен шахтёрлордун балдарын  окутуу маселесин чечүү үчүн  ачылган.