Усулдук кызматы

Усулдук иш

МЕКТЕПТИН УСУЛДУК ТЕМАСЫ: «Окуучуларды окутууда, тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө компетенттүүлүк мамилени өнүктүрүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу».

УСУЛДУК ИШТИН МАКСАТЫ:
Окуу процессин уюштуруунун негизги формасы катары сабакты өркүндөтүү.

УСУЛДУК ИШТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ:
1. Заманбап сабакка жаңы талаптарды өздөштүрүү. Заманбап сабакты долбоорлоо боюнча көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу.
2. Заманбап сабакты даярдоодо жана өткөрүүдө мугалимдердин кыйынчылыктарын изилдөө.
3. Окуу процессин андан ары маалыматташтыруу жана мектеп мугалимдеринин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу.
4.Жаңы педагогикалык технологияларды колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана алардын чыгармачылыгын жана жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;
5. Позитивдүү педагогикалык тажрыйбаны аныктоо, жалпылоо жана жайылтуу.

УСУЛДУК ИШТЕРДИН ФОРМАЛАРЫ:
а) педагогикалык советтердин иши;
б) мектептин усулдук кеңешинин иши;
в) методикалык бирикмелердин иши;
г) мугалимдердин өз алдынча билим алуу темалары боюнча иштери;
д) ачык сабактар;
е) мугалимдердин алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жалпылоо;
ж) класстан тышкаркы иштер;
ж) конкурстарга жана конференцияларга катышуу;
з) мугалимдердин курстук даярдыгын уюштуруу жана контролдоо.