Миңдеген жылдар санжыралуу тарыхый таржымалы бар, эзелтеден эл арасында каада-салт катары белгиленип келаткан салтанаттардын бири-Нооруз-Жаңы күн-Жаңы жыл майрамы Кыргызстан эгемендик алгандан бери улуттук жышаан берген жалпы элдик майрамга айланып келет. Ошондуктан “Улуу Нооруз- жакшы тилек, жаркын маанай майрамы” десек жаңылышпайбыз. 14-мартта биздин мектепте майрамга арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Майрам…
А.С. Макаренко атындагы мектеп-гимназияда "Манас" эпосунун күнүнө карата эрудит-квинтет уюштурулду. "Улуу мурас" жана "Манас урпактары" аттуу топтор эпостогу сейрек кездешкен сөздөрдү чечмелеп, адабият сабагында билимдерин кеңейтишти. Иш-чарада учурда сөз сапатынын тездик менен жогорку деңгээлге өсүп жатканы дагы бир ирет белгиленди.
Ормон хандын 230 жылдыгына карата театралдаштырылган оюн-зоок. Хан Ормондун инсандыгы доордун тогузунда көтөрүлгөн. 30 жашында Сарыбагыштарды башкарууга активдүү катышкан. Анын табигый акыл-эси, башкаруучу таланты көптөгөн уруулардын баасына татыган, атагы кыргыз жеринин чегинен сырткары да тараган. XIX кылымда Орто Азияда чек араларды тынымсыз кайра бөлүштүрүү болгон. Буга чейин Кокон хандыгы кыргыз…