Өкмөттүн буйругун ишке ашыруунун алкагында «Таза жашоо» урааны астында республиканын шаарларынын жана айылдарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.
No10 мектептин класс жетекчилери жана кызматкерлери окуучулар менен биргеликте өздөрүнө ишенип берилген жер тилкелерин иретке келтирип, мектептин жанындагы аймактарга 153 түп көчөт, 40 түп роза гүлүнүн жана башка гүлдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүн отургузушту.
«Мындай ишембиликтерде мектеп окуучуларында командада иштөө жөндөмдүүлүгү, айланабыздагы жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилеси калыптанат. Бул балдарга экологиялык маданиятты да, айлана-чөйрөнү сыйлоону да тарбиялоо жагынан абдан маанилүү.
Комментарии